Жайыл районунда адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу 29-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 25-январында милицияга маалымат келип түшкөн. Анда Новониколаевка айылынын тургуну мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү айтылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө өлгөн адамдын өздүгү такталып, ал 78 жаштагы Н.С. аттуу үй ээси болуп чыккан. Бул факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 56 жаштагы кылмышка шектүү аял кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.