Ушул аптанын жума күнүнөн баштап, тагыраагы 26-июндан тарта Ош - Тамчы - Ош багыты боюнча аба каттамдары жанданат.
"Асман эйрлайнс" билдиргендей, каттамдар дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Учактар күндүн биринчи жарымында уча турганы белгиленди.
Учуу убактысы болжол менен бир саатты түзсө, билеттин баасы 6,5 миң сом деп аныкталды.