Биз социалдык тармакта

Криштиану Роналду орноткон рекордду жаңылоо кыйын болот

Португалия улуттук курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Өзбекстанга каршы беттеште эки гол киргизип, футбол тарыхындагы уникалдуу рекорддун ээси болду.

41 жаштагы футболчу Дүйнө чемпиондуктарынын алтысында тең гол киргизген алгачкы оюнчу катары тарыхка жазылды. Беттеш 5:0 эсебинде Португалиянын ири жеңиши менен аяктады.

Өз кезегинде Роналду жеке рекорддор жагымдуу экенин белгилеп, бирок эң башкысы - команданын ийгилиги экенин айтты. Анын айтымында, улуттук кураманын максаттарына жетүүгө жардам берүү ал үчүн биринчи орунда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан