Жалал-Абад облусунун Манас шаарында өтүп жаткан республикалык “Мен чемпионмун” оюндарынын алкагында дзюдо боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары катышкан таймашта командалык эсеп боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Эркектер арасында:
1-орун - Ош облусу;
2-орун - Чүй облусу;
3-орун - Нарын облусу.
Кыздар арасында:
1-орун - Ысык-Көл облусу;
2-орун - Чүй облусу;
3-орун - Нарын облусу.
Мелдеш жаш дзюдочулардын чеберчилигин жогорулатууга жана спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө багытталган республикалык оюндардын алкагында өттү.