Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Беларусь Республикасынын Брест шаарында өткөн эл аралык форумда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-22-июнь күндөрү өткөн “Улуу мурас – жалпы келечек” аттуу иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 85 жылдыгына арналган. Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары да катышты.
Сөзүндө Медербек Алиев Брест чеби тарыхта өзгөчө орунду ээлээрин белгилеп, анын коргоосуна кыргызстандык жоокерлер да катышканын айтты. Анын маалыматына ылайык, Брест чебин коргоого катышкан Кыргызстандан 21 жоокер жана офицердин ысымы белгилүү.
Ошондой эле ал согуш жылдарында Кыргызстан калкынын чоң салымын белгилеп, жүз миңдеген адамдар фронтко аттанып, алардын олуттуу бөлүгү мекенине кайтып келбегенин эске салды.
Медербек Алиев Кыргызстан эл аралык деңгээлде достук, өз ара урматтоо жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдой турганын да баса белгиледи.