Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Бирлигинин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Европа Бирлигинин ортосундагы кызматташтыктын оң динамикасын белгилешип, саясий байланыштардын активдүү өнүгүп жатканын билдиришти.
Өзгөчө көңүл кыргыз балын Европа Комиссиясынын тиешелүү реестрлерине киргизүү жана кыргыз авиакомпанияларын ЕБдин учуу коопсуздугу боюнча тизмесинен чыгаруу маселелерине бурулду.
Тараптар бул жетишкендиктер өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, инвестиция тартууга, туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап тең өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.