Биз социалдык тармакта

Ошто чек араны мыйзамсыз кесип өткөн издөөгө алынган чет элдик жаран кармалды

Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ош шаарында издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды.

Маалыматка караганда, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө 1983-жылы туулган С.Н. аттуу коңшу мамлекеттин жараны аныкталып, кармалган.

Ал 2024-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөгө алынган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү тергөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан