Бүгүн, 24-июнда Бишкек шаарында Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмундагы (Шанхай кызматташтык уюму) төрагалыгынын алкагында Инвестициялык бизнес-форум ишин баштады. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, форумдун ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев катышты.
Форум ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарын, бизнес-коомчулукту, инвестициялык фонддорду, өнүктүрүү институттарын жана стартап долбоорлорду бир аянтчага бириктирди. Жалпысынан иш-чарага 600дөн ашуун эл аралык жана аймактык бизнес өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар:
* инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашат
* санарип экономика, жашыл өнүгүү, саламаттык сактоо багыттарын карашат
* жаңы долбоорлор боюнча B2B жолугушууларды өткөрүшөт
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров форумдун Бишкекте өтүшү ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда туруктуу инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашып, санарип экономика, транспорттук-логистика жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү аркылуу Евразиядагы байланыштарды чыңдоого салым кошууда.
Форумдун жыйынтыгында ШКУ алкагында биргелешкен инвестициялык резолюция кабыл алуу пландалууда.