Биз социалдык тармакта

Бишкекте изделип жаткан 18 жаштагы Жыпара табылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан мурда изделип жаткан жашы жете элек Жыпара Сулайманкулова табылды.

Милициянын маалыматына ылайык, жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында кыздын жүргөн жери аныкталды.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат каражаттары кыз ашканалардын биринде иштеп жүргөнүн, бир күндөн кийин кассадан акча жетпей калган деген жүйө менен администратор анын уюлдук телефонун алып койгонун жазышты. Маалыматтарга караганда, ал жумуштан таарынып чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Окуя боюнча өспүрүмдүн агасы басылмаларга билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан