Кечээ, 24-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Шанхай кызматташтык уюмунун "Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү" инвестициялык бизнес-форумунун ачылышына катышты.
Президенттик администрация билдиргендей, Амангелдиев иш-чарада Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы мезгилинде ишкердик байланыштарды активдештирүү жана тоскоолдуктарды жоюу боюнча комплекстүү план ишке ашырылып жатканын белгиледи. Бул иштин ийгиликтүү мисалы катары май айында Ысык-Көлдө өткөн регион башчыларынын V Форуму жана боордош шаарлардын жолугушуусу болду, ал эми төрагалыктын негизги окуясы ушул жылдын сентябрь айында Бишкекте өтө турган ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик саммити болот.
Ошондой эле ал 10 өлкөнү, 3,4 миллиарддан ашык калкты, болжол менен 30 триллион долларына барабар ИДПны жана дүйнөлүк айыл чарба өндүрүмүнүн 38 пайызын бириктирген уюмдун стратегиялык масштабын баса белгиледи. Акыркы төрт жылда жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүүнүн аркасында Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү эки эседен ашык өстү. Аймактык артыкчылыктар катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну атады. Ал Кыргызстан узак мөөнөттүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр ишенимдүү, ачык жана болжолдуу өнөктөш бойдон каларын ырастады.
Жыйында Амангелдиев катышуучуларды 31-августунан 6-сентябрына чейин республикада өтө турган VI Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.