Биз социалдык тармакта

Түштүк Африка тарыхында алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты

Түштүк Африканын улуттук курама командасы өз тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун плей-офф баскычына чыкты.

Бүгүн, 25-июнда өткөн тайпалык баскычтын үчүнчү турунда африкалыктар Түштүк Кореяны жеңип, А тайпасында экинчи орунду ээледи. Тайпада биринчи орунга Мексика чыкса, Чехия акыркы орунду ээлеп турат. Ал эми Түштүк Корея үчүнчү сапка жайгашты.

Мындан улам Түштүк Африка 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун 1/16 финалында Канаданын курама командасы менен беттешет. Бул плей-офф баскычында аныкталган алгачкы жуп болуп калды.

Эки команданын беттеши 28-июнда АКШнын Калифорния штатындагы Инглвуд шаарында өтөт. Тайпалык этаптын жыйынтыгында Канада да өз тайпасында экинчи орунду камсыздап, плей-оффко чыккан.

Белгилей кетсек, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Беттештер тарыхта биринчи жолу 48 команданын катышуусунда уюштурулуп, 11-июнда башталган. Биринчилик 19-июлда жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан