24-июндан 25-июнга караган түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын үчүнчү турунун алгачкы беттештери жыйынтыкталды. А, В жана С тайпаларында командалардын акыркы орундары аныкталды.
Учурда плей-офф баскычына чыккан алгачкы 12 команда белгилүү болду. Алар Мексика, Түштүк Африка, Швейцария, Канада, Марокко, Бразилия, АКШ, Германия, Аргентина, Франция, Норвегия жана Колумбия өз тайпаларында биринчи же экинчи орундарды камсыздап, түздөн-түз 1/16 финалга жолдомо алышты.
Белгилей кетсек, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Беттештер тарыхта биринчи жолу 48 команданын катышуусунда уюштурулуп, 11-июнда башталган. Биринчилик 19-июлда жыйынтыкталат. 2022-жылы Дүйнө чемпиондугун Аргентина жеңген.