Биз социалдык тармакта

Футбол-2026: Өзбек КВНчилеринин 16 жыл мурунку тамашасы чындыкка айланды (видео)

Өзбекстандын КВН командасынын 2010-жылы көрсөткөн тамашасы 16 жылдан кийин реалдуу окуяга айланды.

Анда алар футбол боюнча Өзбекстан курама командасы Португалияга каршы ойной турган учурду сахналаштырган. Сахнадагы эпизоддордун биринде белгилүү футболчу Криштиану Роналду дарбазага карата соккуну аткарууга даярданып жатканда, өзбек футболчулары коргонууга эмес, телефондорун алып чыгып аны тартууга ашыгышкан.

Ал учурда бул жөн гана күлкүлүү окуя катары кабыл алынганы менен 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунда бул көрүнүш чынга айланды.

Эскерте кетсек, 23-июнда Дүйнө чемпиондугунун алкагында Өзбекстан курама командасы Португалия менен беттешип, оюн талаасына Роналду да чыкты. Оюн 5:0 эсебинде Португалиянын пайдасына жыйынтыкталды.

Бул окуянын окшоштугу социалдык тармактарда чоң талкуу жаратты. Колдонуучулар бул эски сахналаштырылган көрүнүштү кайрадан бөлүшүп, “КВН сценаристтери келечекти алдын ала көрүп койгонбу?” деген билдирүүлөрдү жазышууда.

Өзбек КВНчилеринин 16 жыл мурунку тамашасы чындыкка айланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан