Биз социалдык тармакта

Трамп: "НАТОнун көпчүлүк союздаштарына нааразымын" 

АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОдогу өлкөлөрдүн көбүнө нааразы экенин билдирди. Бул тууралуу ал альянстын баш катчысы Марк Рютте менен жолугушууда айткан.

"Улуу Британиядан көңүлүбүз калды, Германия менен Франциядан да көңүлүбүз калды. Жалпысынан союздаштарыбыздын көбүнө нааразыбыз. Ал эми Испания тууралуу айтсам, абал таптакыр эле начар",- деген Трамп.

Анын айтымында, НАТО АКШнын үмүтүн актаган жок жана альянстын азыркы жетекчилиги болбогондо мындай кызматташтык да болмок эмес. Трамп ошондой эле Вашингтонго союздаштарынан берилгендиктен башка эч нерсе талап кылынбай турганын кошумчалады.

Буга чейин ал Европа өлкөлөрү Иранга каршы согушта АКШны колдобогондуктан, өлкөнү НАТОдон чыгаруу мүмкүнчүлүгүн олуттуу карап жатканын билдирген. Ал НАТОдогу союздаштарын жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатат деп сындап, Вашингтон айрым мамлекеттерге жардам берүүнү токтотушу мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан