Биз социалдык тармакта

Депутат Ош-Алай жолундагы селден каза болгондорго көңүл айтты (видео)

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов Ош-Алай жолундагы сел кырсыгында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Эл өкүлү өз сөзүндө кырсыктан каза болгон алты жарандын эң кичинекейи бир жаштагы наристе болгонун белгиледи.

Ошондой эле депутат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүлөрүнө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 24-июнда Ош-Алай унаа жолунун 58-чакырымында сел жүрүп, бир жеңил унааны агызып кетти. Унаадагы 6 адам каза таап, 2 адам ооруканага жеткирилди.

Депутат Таалайбек Сарыбашов Ош–Алай жолундагы селден каза болгондорго көңүл айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан