Биз социалдык тармакта

Депутат Таласта сууга агып кеткен өспүрүмдү издөөгө аскерлерди тартууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков Таласта сууга агып кеткен 8 жаштагы өспүрүмдү издөөгө аскерлерди тартууну суранды. Бул тууралуу эл өкүлү парламенттин 25-июндагы жыйынында сөз кылды.

Айтымында, баланы 23-июндан бери ӨКМ, милиция кызматкерлери, аймактагы жаштар издеп жатышат.

"Мүмкүн болсо чек ара кызматынын аскерлерин издөө иштерине тартсак. Издөө иштерин ыкчамдатсак. Киров суу сактагычына чейин кетип калса, ал жактан издеп-табуу кыйын болуп калат",- деди депутат.

Эске салсак, өспүрүм Талас районунун Чоң-Токой айылындагы Талас дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерине бүгүн жалпы 127 адам тартылган.




Депутат Таласта агып кеткен өспүрүмдүн сөөгүн издөөгө аскерлерди тартууну суранды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан