Казакстандын Акмола облусунда өтүп жаткан "Айбын-2026" эл аралык мелдешинде Кыргызстандын командасы аркан тартышта жогорку деңгээлде оюн көрсөттү.
Мелдеште кыргызстандык жоокерлер Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Орусия мамлекеттеринин командалары менен күч сынашты. Бул беттеште Кыргызстандын өкүлдөрү жогорку даярдыкты көрсөтүп, атаандаштарын артта калтырды.
"Айбын-2026" - жаштардын аскердик даярдыгын, спорттук жана интеллектуалдык жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган эл аралык мелдештердин бири болуп саналат. Катышуучулар 5 күндүн ичинде 13 багыт боюнча күч сынашып, жыйынтыгы 26-июнда чыгарылат.