Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алды.
Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кыргыз-сауд мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Кулубаев эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ал эми элчи Хаким Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, кыргыз-сауд кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр экенин билдирди.