
Бүгүн, 25-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолугушуп, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы элчиге Кыргызстандагы жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалады. Ошондой эле ал Шандор Дорогини Министрлер кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйлады.
Адылбек Касымалиев акыркы жылдары Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы мамилелер бекемделип, жогорку деңгээлдеги сапарлар аркылуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө негиз түзүлгөнүн белгиледи.
Жолугушууда соода-экономикалык кызматташтык да талкууланып, тараптар товар жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасын канааттануу менен белгилешти.