Биз социалдык тармакта

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Фархат Иминовду жемкорлукка айыптады (видео)

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин мурдагы жетекчиси Фархат Иминов боюнча маалыматтарды текшерүүнү өтүндү.

Анын айтымында, Миң-Куштагы кенде иштеген кытайлык компаниянын өкүлдөрү Иминов алардан болжол менен 2 миллион доллар талап кылганын билдиришкен.

Депутат инвесторлор бул маселе боюнча президентке кайрылуу жөнөткөнүн айтып, жакында Иминов кармалып, кайра бошотулганы боюнча Башкы прокуратурадан маалымат талап кылды. Мындан тышкары, "Кыргызкөмүр" ишканасын текшерүүгө алуу керектигин белгиледи.

Азырынча Фархат Иминов айтылган дооматтар боюнча комментарий бере элек.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев Фархат Иминовду жемкорлукка айыптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан