Биз социалдык тармакта

Депутат: "Бообек Ажикеев ӨКМдин кымбат унааларын жубайы менен кызына берген"

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевнин ишмердүүлүгүн прокуратура тарабынан текшерүүнү сунуштады.

25-июнда парламент жыйынында депутат ага Ажикеевдин кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланганы боюнча көптөгөн даттануулар келип жатканын билдирди.

Самаковдун айтымында, Ажикеев министр болуп турганда ӨКМге тиешелүү атайын техникаларды жана кымбат кызматтык унааларды жеке максатта пайдаланган деген маалыматтар бар.

“Премиум класстагы унааларды үй-бүлөлүк гаражында кармаган. Бирин жубайы айдап жүрсө, экинчисин кызына берген. Экскаваторду күйөө баласына ижарага берүү үчүн өткөрүп берген деген фактылар айтылууда”, — деди депутат.

Ал прокуратураны бул маалыматтарды текшерип, мыйзам бузуу фактылары аныкталса, тиешелүү жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Эске салсак, Бообек Ажикеев ушул жылдын февраль айында өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулган.

Депутат: "Бообек Ажикеев ӨКМдин кымбат унааларын жубайы менен кызына берген"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан