Бүгүн, 25-июндан баштап Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жайкы эс алууга тарады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жыйында сөз сүйлөп жатып, жарым жыл ичинде 145 мыйзам кабыл алынганын, анын 94үнө президент кол койгонун билдирди. Ошондой эле санариптик багыт ишке ашканын белгиледи. Мындан тышкары, сентябрдан баштап депутаттарга кошумча жардамчылар келе тургандыгын белгилеп, мыйзамдарды иретке келтирүү багыты колго алынарын кошумчалады.
Жыйын мамлекеттик гимн менен аяктады.
Эл өкүлдөрү 1-сентябрга чейин эс алууда болушат.