Бүгүн, 25-июнда өткөн жыйында Жогорку Кеңеш “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүү мекемелеринде 100 пайыздык жеңилдик берүү боюнча токтомго өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, депутат Медер Чотоновдун айтымында, бул чечим көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого жана алардын балдарынын билим алуусуна шарт түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, депутаттар Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин курамына Абдупата Маткаликовдун талапкерлигин жактырышты.
Ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңешинин курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоору да кабыл алынды.