Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарындагы борбордук стадион 67 жылдан кийин алгачкы жолу толугу менен жаңыланды.
Курулуш министрлигинен маалымдагандай, жаңы стадиондо аянты 6661 чарчы метр болгон футбол талаасы, 3393 чарчы метрди түзгөн жеңил атлетикага арналган чуркоо жолу, 2400 көрүүчүгө ылайыкталган орундуктар жана административдик корпус курулган.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы суммасы 109 миллион сомду түзгөн.