Футбол жылдызы Неймар Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы оюнунан кийин үй-бүлөсү менен чогуу көрүнүп, күйөрмандардын көңүлүн бурду.
Беттешти трибунадан анын 15 жаштагы уулу жана эки кичинекей кызы көрүп, атасына колдоо көрсөтүштү.
Белгилей кетсек, жакын арада Неймар дагы бир жолу ата болот. Анын үй-бүлөсүндө бешинчи наристе жарык дүйнөгө келет. Бул акыркы үч жыл ичиндеги төртүнчү кызы болот.
Үй-бүлөлүк бул жылуу көз ирмем социалдык тармактарда кеңири талкууланып, күйөрмандар тарабынан суктануу менен кабыл алынды.