Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын үчүнчү турунун жыйынтыгында плей-офф баскычынын алгачкы төрт жубу белгилүү болду.
Акыркы болуп АКШ менен Босния жана Герцеговина курама командаларынын беттеши аныкталды. Эки команда тең тайпалык этаптагы ийгиликтүү оюнунун аркасында кийинки баскычка жолдомо алышты.
Буга чейин төмөнкү үч жуп дагы аныкталган:
Белгилей кетсек, 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексикада өтүүдө. Беттештер тарыхта биринчи жолу 48 команданын катышуусунда уюштурулуп, 11-июнда башталган. Биринчилик 19-июлда жыйынтыкталат. 2022-жылы Дүйнө чемпиондугун Аргентина жеңген.