Кечээ, 23-июнда Германиянын Хёкстер шаарында 17 жаштагы Кыргыз жараны сууга чөгүп каза болду.
ТИМден маалымдашкандай, маркум Германияга “Ferienjob” программасынын алкагында убактылуу иштөө үчүн барган.
Учурда сөөктү мекенине жеткирүү иштери жүрүп жатат.