Ош шаарынын мэри Жанар Акаев жамгырдан кийин суу каптаган базардын абалы менен таанышты.
Мэриядан маалымдашкандай, текшерүүдө базар жетекчилиги түтүктөрдүн өткөрүмдүүлүгү жетишсиз экенин, жаан учурунда суунун көлөмү көбөйүп, эски түтүктөр аны толук өткөрө албай калганын билдирген. Буга байланыштуу шаар мэри тиешелүү кызматтарга суу өткөрүүчү түтүктөрдү жаңылап, диаметрин чоңойтуу боюнча тапшырмаларды берди.