Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда жарандар унааларын жайыттын үстүнө айдап чыгып, жер кыртышына зыян келтирген фактылар аныкталды. Бул тууралуу 26-июнда Жаратылыш министрлиги билдирди.
Мындан улам 6 жаранга тийиштүү протокол түзүлүп, 33 000 сом айып салынган.
Мекеме жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчилик каралганын эскертти. Эреже бузгандарга 5500 сомдон 20 000 сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.