VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги маанайын чагылдырган расмий ролик жарыяланды.
Айта кетсек, көчмөндөр оюндары 2026-жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстандын эки шаарында өтөт. Ачылыш аземи Бишкек шаарындагы "Азаттык" стадионунда, ал эми оюндардын негизги бөлүгү Чолпон-Ата шаарында болот. Ага дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсүнөн 2000ден ашык спортчунун катышары күтүлүүдө.
Учурда иш-чарага кызуу даярдыктар көрүлүүдө.