Биз социалдык тармакта

Ысык-Көл облусунда эл менен жолугушуулар жыйынтыкталды

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун облус эли менен жолугушуулары жыйынтыкталды. Анда кабыл алынган иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча облус жетекчисинин орун басары Кутманалы Абдырахман уулу жыйын өткөрүп, ага район акимдери, шаар мэрлери жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Облус жетекчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө иш-чаралар планынын аткарылышы талданып, жооптуу жетекчилердин маалыматы угулду. Ошондой эле бардык тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу боюнча конкреттүү милдеттер коюлду.

Кутманалы Абдырахман уулу иш-чаралар планынын аткарылышы Бакытбек Жетигеновдун өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгилеп, тапшырмалар өз убагында аткарылбаса жооптуу кызматкерлерге мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан