Акыркы кезде коомчулукта гештальт деген түшүнүк кеңири тарап, жаштардын активдүү колдонгон сөзүнө айланды. Адам жашоосунда гештальттардын айрымдары аткарылса, кээ бирлери жабылбай жан дүйнөдө бөксөлүк жараткан кездер кездешет.
Бул жолу психолог менен жабылбай калган гештальттын адам турмушуна тийгизген таасири, андан арылуу жолдору тууралуу баарлаштык. Суроолорубузга психолог, гештальт-терапевт Бактыгүл Соорбекова жооп берет.
- Бактыгүл Арыстанбековна, саламатсызбы? Алгач эле айтсаңыз, гештальт деген эмне? Бул термин кайдан келген?
- Бул түшүнүк 1950-жылы Германияда түптөлгөн. Жөнөкөйлөтүп айтканда гештальт - бул бир циклды аягына чыгаруу же бир нерсени толуктоо дегенди билдирет.
- Гештальт качан, кандай жагдайда пайда болот?
- Башталган иш аягына чыкпай калганда. Бул биздин жашообузда кандай колдонуларын айтып берейин. Мисалы, биз үйдөн чыгып бара жатканда үйдү бекитип, жаап кетишибиз керек. Ошондо көңүлүбүз тынч болот. Ал жактагы процесстерди бүтүрүп, андан соң кетебиз. Бул жерде мен үй жөнүндө ойлонбойм.
Эгер үйдү бекиттимби же ачык калдыбы деп күмөн санап калсам, багытталган дарегиме барып келгенче аны ойлой берем. Ал үчүн сарсанаа болом. Тактап айтканда, башталган иш аягына чыкпай калды. Бул учурда менин энергиям, фокусум үйдө калып кетет. Башка иштер менен алек болсом деле, оюм үйдө боло берет. Ар бир ой биздин энергияны сарптайт. Жабылбай калган гештальттар фокусту, энергияны алат.
Ошондой эле муктаждыктарыбыз канааттанбай калганда пайда болот. Мисалы, бир адам менен жакын мамиледе болуп, эки жолго түшүп кеткен учурда айтылбаган сөздөр, эмоциялар, таарынычтар калып кетиши мүмкүн. Бул адам башкалар менен мамиле курса деле эски мамилесин ойлой берет. Анткени анда аякталбай калган эмоциялар бар.
Дагы башка мисал айтсам, бала кичинекей кезде апасы иштен бошобогону үчүн мээрим жетишсиз болуп калды дейли. Анда апа деген умтулуу, кусалык деген сезимдер калып калды. Чойгондон кийин деле аны толуктап, "апа мээримине тоюшум керек" дей берет. Анан апанын сүйүүсүн башкалардан: жолдошунан, баласынан, акчадан жана башка жактардан издейт. Бирок муну көп адамдар байкабаганы үчүн кыйнала беришет. Бул учурда алардын гештальттарын жабууда психолог жардам бере алат.
- Гештальттары жабылбай калган адамда кандай белгилер болот?
- Тынчсыздануу көп болот. Өткөн чакта көп жашайт. Учур чактан кетип калат. Ойлору жана сезимдери өткөн чакта же келечекте болот. Мисалы, келечек жөнүндө тынчсыздана берген адам "эртең акчам жок болуп калбайбы, балам бир нерсе болуп калбайбы?" деп энергиясын боло элек нерселерге коротуп алат. Же өткөн чактагы окуялардын айланасында ойлоно берсе - гештальт жабылбагандык болот.
- Жабылбай калган гештальттардын адамдын турмушунда кандай таасири болот?
- Гештальттар жабылбай калса биз ошондой окшош окуяларга кабыла беребиз. Мисалы, кичинекей кезде энеге болгон мээрим жетишпей, ошол цикл жабылбай калса, дал ошондой абалга кайра-кайра кабыла берет. Муну башы кичинекей кезге барып такалат. Ал гештальтты сүйлөшүү аркылуу эле жаап койсо болот.
- Жабылбай калган гештальттарды кантип жабуу керек?
- Эң жөнөкөй жолу - бул психолог менен иштөө. Гештальт терапиянын негизги функцияларынын бири - адамды учурга алып келүү зарыл. Тагыраагы, бул жерде жана азыркы учурда жашаганга үйрөтүү. Терапия маалында адамдын эмоциялары талданат, ойлору, денесиндеги реакциялар изилденет. Мында адам өзүн, тактап айтканда, кайсы гештальты жабылбай калганын көрө алат. Азыркы учурга таасир бербестен мурда, өткөн кездеги абалга энергия сарптап жатканын түшүнөт.
- Писхолог гештальты жабылбай калган адамга кандай терапия өткөрөт? Анын мөөнөтү канча убакытка созулат?
- Гештальт-терапевттер адамдын сезимдерин талдап, өзүн түшүнгөндү үйрөтөбүз. Бул терапиядан өткөн адам учур чакка келе алат. Өткөн чактагы эмоцияларын жыйынтыктайт. Терапияга келген адам психотерапевтке жан дүйнө жаракаттарын айтып, ички дүйнөсүн толуктай алат.
Адам өзүнүн абалына анализ жүргүзүп, ошондогу эмоцияларды жашап, коё берип, канааттануу жаралат. Мында бөксө цикл толукталат. Андан соң адамдын жан дүнөсүндө тынчтык пайда болот. Кийин сыртка чыгып жашоосун улантканда энергиясын, фокусун азыркы учурга коюп баштайт.
Гештальт терапиянын мөөнөтү адамдын жаш курагына каралат. Мисалы, 30 жашта болсо 1 жылдан 3 жылга чейин (айына 2-3 жолу) терапиядан өтсө болот.
- Бул терапиядан адам өз алдынча өтсө болобу же сөзсүз психологго кайрылуу зарылбы?
- Биринчиден, психологго барып, багытын аныктап алса жакшы. Өзүн түшүнүү, учур чакка келүү, эмоциялар менен кантип иштеш керек, аң сезимдүү жашоо дегендерди психологдон же китептен үйрөнүп алып, кийин өз алдынча иштесе болот.
Бирок мен психолог менен иштешүүнү сунуштайм. Анткени адам кээ бир оор эмоцияларын көргүсү келбей, аны менен иштөөгө күчү жетпей калышы мүмкүн. Бул учурда адистин жардамы керек.
- Гештальт жабылбаса, адам өзүн толук бактылуу сезе албай калабы?
- Ооба, бир нерсе жетишпейгендей сезиле берет. Азыркы жашоосунда баары орунда болсо деле жан дүйнөсүндө тынчсыздануу болуп калышы ыктымал. Бул жабылбай калган эмоциялардын кесепети десек болот.
- Психологго кайрылгандардын арасынан кайсы жабылбай калган гештальттер көп кездешет? Өзүңүздүн практикаңызга таянып айтсаңыз.
- Көбүнчө ата-эне мээрими жетишсиз болгон гештальттар. Андан кийин акча темасы боюнча көп кайрылышат.
- Бактыгүл Арыстанбековна, маек үчүн ыраазычылык билдирем! Ишиңизге ийгилик!
Психолог тууралуу: Бактыгүл Арыстанбековна көп жылдан бери психология тармагында иш алып барат. Алгачкы жогорку билимди "Ала-Тоо" эл аралык университетинде инженер -менеджер адистиги боюнча алган. Экинчи жогорку билимин Москвадагы Эл аралык консультация психологиясы институтунда (МУПО) алган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын апасы.