
Алымбек датканын урпагы
Абдумалик Бекзат Кыргыз жарандыгын алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты
Таалайбек Сарыбашев билдирди.
Анын айтымында, Абдумалик мырза - Алымбек датка менен Курманжан датканын тун уулу Абдылдабектин урпагы.
"Кезинде тарыхтын татаал бурулуштарынан улам ата-бабаларыбыздын айрым урпактары чет өлкөлөрдө калып кеткен. Бүгүн алардын өз элине кайтып келиши тарыхый адилеттүүлүктүн орношу катары бааланууда. Бул ишке колдоо көрсөткөн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиребиз",- деп билдирген депутат.
Эскерте кетсек, Абдумалик Бекзат Ооганстандан Кыргызстанга алгачкы жолу 2024-жылы келген.