Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым аймактарында 29-июндан 2-июлга чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Бишкекгаз” кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, убактылуу чектөө оңдоо жана пландуу техникалык иштерге байланыштуу киргизилүүдө.

Газ берүү төмөнкү аймактарда токтотулат:

— Кызыл-Аскер районунда: Сары-Челек көчөсү, Ала-Арча дарыясы, айланма жол, Кыргыз, Логвиненко, Курманалиев, Жашыл, Жаңы, Колхоз жана Заводской көчөлөрү;

— Элебесов көчөсү аймагында: Коллективдүү, Аул жана Новосельская көчөлөрү.

“Бишкекгаз” тургундарды жаралган ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан