Чүй облусундагы Кегети дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланы издөө иштери жыйынтыкталды.
ӨКМдин маалыматы боюнча, бүгүн, 26-июнь күнү баланын сөөгү кырсык болгон жерден болжол менен 2-3 чакырым аралыкта, издөө иштерине көмөктөшүп жүргөн жарандар тарабынан табылды.
Маркумдун өздүгү туугандары тарабынан такталып, андан ары тиешелүү иштерди жүргүзүү үчүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Эскерте кетсек, Кегети капчыгайындагы сууга унаа кулап, агып кеткен эки өспүрүмдүн биринин денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы баланы издөө иштери уланып жаткан.