
Бүгүн, 26-июндан тарта Бишкектин Жеңиш аянтынын аймагында жайгашкан муниципалдык унаа токтотуучу жайда сыноо режиминде сааттык төлөм системи ишке киргизилди.
Мэрия билдиргендей, муниципалдык унаа токтотуучу жай 95 унаага ылайыкталган жана күн сайын 24 саат бою иштейт.
Сыноо мезгилинде унаа токтотуучу жайды пайдалануунун төмөнкү шарттары колдонулат:
- Алгачкы 15 мүнөт акысыз;
- Биринчи эки саатка унаа токтотуунун баасы 50 сом;
- Кийинки ар бир саат үчүн 10 сомдон алынат.
"Сыноо мезгилинин жыйынтыгы боюнча киргизилген системдин натыйжалуулугуна анализ жүргүзүлөт. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайларды мындан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалат",- деп белгиленди маалыматта.