Биз социалдык тармакта

Милиция коопсуздук эрежелери боюнча жарандарга эскертүү берди 

Чүй облустук милициясы жарандарды суу объекттерине жакын аймактарда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.
Маалыматка ылайык, акыркы бир жуманын ичинде облус аймагында автоунаалар дарыяларга, каналдарга жана башка суу объекттерине түшүп кеткен кырсыктар катталды. Анын кесепетинен адамдар каза болушту.
Мындай кырсыктардын негизги себептери - коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин сактабоо, ылдамдыкты ашыруу, түнкү убакта жол кырдаалын эске албастан унаа башкаруу. Ошондой эле дарыялардын жана башка суу объекттеринин жээгине жакын жайгашкан жол тилкелеринде этиятсыздык менен айдоо саналат.
Мындан улам милиция төмөнкүлөрдү сунуштайт:
  • Коопсуз ылдамдык режимин сактоо;
  • Транспорт каражатын башкарып бара жаткан учурда алаксыбоо;
  • Дарыялардын, каналдардын жана башка суу объекттеринин боюндагы жолдордо өзгөчө этият болуу;
  • Чарчаган же алкоголдук ичимдик ичкен абалда унаа башкарбоо;
  • Түнкү убакта жана аба ырайынын жагымсыз шарттарында ылдамдыкты азайтып, коопсуз аралыкты сактоо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан