Биз социалдык тармакта

1-июлдан мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге айып пулсуз өлкөдөн чыгууга мүмкүнчүлүк берилет

Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга өлкөдөн айып пул төлөбөстөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

ТИМ билдиргендей, бул үчүн алар 1-июлдан 31-июлга чейин жашаган жери боюнча ички иштер органдарына кайрылып, тиешелүү документ алышы керек. Андан кийин чыгуу визасына өз алдынча evisa.e-gov.kg сайты аркылуу арыз берүү зарыл.

"Бул мөөнөттө кайрылгандардан административдик айып пул жана чыгуу визасы үчүн төлөм алынбайт. Ал эми 31-июлдан кийин берилген арыздар жеңилдетилген тартипте каралбайт. Бул чара өлкөдөгү мыйзамсыз миграцияны азайтуу жана миграциялык көзөмөлдү жакшыртуу максатында кабыл алынды", - деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан