1-сентябрдан тартып мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, аталган иштер эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү реформасынын алкагында ишке ашырылууда. Ага ылайык,
- Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын, ошондой эле жалданма жана жарандык персоналдын эмгек акысы 50 пайызга чейин жогорулатылат;
- Иштин татаалдыгы, сапаты, жыйынтыгы, кесиптик демилге жана ченемге салынбаган иш режими үчүн үстөк акы 50 пайызга чейин көбөйтүлөт;
- Айрым ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерине 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт.