Биз социалдык тармакта

“Мен чемпионмун” республикалык оюндары: Футбол боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

26-июнда Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында Кыргыз Республикасынын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептеринин тарбиялануучулары арасында өтүп жаткан “Мен чемпионмун” республикалык оюндарынын алкагындагы футбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн жети облусунан келген жети команда катышты. Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча:

1-орун — Ош облусу;
2-орун — Ысык-Көл облусу;
3-орун — Талас облусу алды.

Мындан тышкары мыкты оюн көрсөткөн спортчулар атайын сыйлыктар менен белгиленди:

Мыкты дарбазачы — Элнур Нурланбеков (Талас облусу);
Мыкты коргоочу — Ислам Шаирбеков (Ысык-Көл облусу);
Мыкты оюнчу — Элбек Төлөнов (Ош облусу);
Мыкты бомбардир — Маруф Сафралиев (Ош облусу).

“Мен чемпионмун” республикалык оюндары жаш спортчулар арасында достукту, ынтымакты жана сергек жашоо образын жайылтууга багытталып, өлкөнүн бардык аймактарынан келген өспүрүмдөрдүн спорттук чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө түзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан