26-июнда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун Т.Зулпуев атындагы айыл аймагына караштуу Ата-Мерек айылында 2900 орундуу борбордук стадиондун жана 1400 орундуу волейбол залынын курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Министр Нурдан Орунтаев өз сөзүндө мезгил кутусу өлкөнүн келечеги үчүн жасалып жаткан иштердин символу экенин белгилеп, жаңы спорттук комплекс жаштарды сергек жашоого үндөп, таланттуу спортчулардын өсүп чыгышына жана аймактагы спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Долбоордун алкагында 2,85 гектар жерге заманбап борбордук стадион курулуп, спорттук мелдештерди өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга жана жаштар үчүн бардык шарттарды түзүүгө ылайыкталган инфраструктура салынат.
Ошондой эле стадиондун курамында административдик жана кызматтык бөлмөлөр, пресс-борбор, конференц-зал, спорттук командалар үчүн кийим алмаштыруучу, массаж жана машыктыруучу бөлмөлөр, медициналык пункт жана допинг-көзөмөл бөлмөсү каралган.
Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин министрликке караштуу «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзөт.