Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Ал эми Талас районундагы сууга агып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдү издөө иштери азыркыга чейин уланууда.
Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасына жазып, каза болгон баланын ата-энесине жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Анын айтымында, акыркы күндөрү өлкөдө катталган мындай кайгылуу кырсыктарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министрине издөө-куткаруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып, бардык күч-аракетти жумшоону тапшырган.
Кегети капчыгайындагы издөө иштерине миңден ашуун адам катышкан. Алардын катарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, ыктыярчылар жана жергиликтүү тургундар болгон. Куткаруучулар суу үстүндө да, жээк тилкесинде да үзгүлтүксүз издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Адылбек Касымалиев издөө иштерине катышып, жардам көрсөткөн бардык жарандарга ыраазычылык билдирип, ата-энелерди балдарын суу жээктеринде бир мүнөткө да кароосуз калтырбоого чакырды.
Ал ошондой эле жайкы каникул учурунда дарыялардын, көлдөрдүн жана башка суу объектилеринин жанында коопсуздук эрежелерин так сактоо адам өмүрүн сактап калуунун негизги шарттарынын бири экенин белгиледи.