Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди балдарды кароосуз калтырбоого чакырат. Жайкы эс алуу мезгилинде бир көз ирмемдик кайдыгерлик кайгылуу кырсыкка себеп болушу мүмкүн.
Балдардын коопсуздугу – ар бир ата-эненин башкы жоопкерчилиги. Сууга түшкөндө, жолдо, оюн аянтчаларында жана үй шартында аларды дайыма көзөмөлдөп туруңуз.
«Балдарыңызды сактаңыз. Коопсуздук эрежелерин сактоо – өмүрдү сактоонун эң ишенимдүү жолу», - деп жазылган маалыматта.