Президент Садыр Жапаров Венесуэла Боливар Республикасында болгон күчтүү жер титирөөгө байланыштуу өлкө жетекчилигине жана элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катуу жер титирөөнүн кесепетинен адам курмандыктары катталып, көптөгөн жарандар жаракат алган жана ири материалдык чыгымдар болгон.
Президент Садыр Жапаров өзүнүн телеграммасында Венесуэла Боливар Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригеске кайрылып, Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүнүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.
“Венесуэла Боливар Республикасында болгон күчтүү жер титирөөлөрдүн кесепетинен адамдар каза болуп, жаракат алды жана ири кыйроолор болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына, ошондой эле Венесуэла элине аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат мамлекет башчысынын кайрылуусунда.
Кыргыз тарап Венесуэла эли менен тилектештигин билдирип, жабыркагандарга тез арада сакайып кетүү каалоосун жолдоду.