Биз социалдык тармакта

Жаңы мектептердин курулушу: Иштин ыргагы көзөмөлдө

Курулуш министри Нурдан Орунтаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Ош шаарындагы курулуп жаткан мектептерди жеринде текшеришти. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Курулуш жүрүп жаткан объекттер кыдырылып, ар бир мектептин учурдагы абалы бааланды. Айрым жерлерде иштер пландуу жүрүп жатканы белгиленсе, айрым участоктордо техника жана жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам курулуштун ыргагы жайлап жатканы айтылды.

Жетекчилер негизги талап катары мектептерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүү керектигин баса белгилешти. Жай иштеп жаткан подряддык уюмдарга 10 күндүк мөөнөт берилип, ушул аралыкта иштин ылдамдыгын жогорулатуу тапшырмасы коюлду. Эгер талап аткарылбаса, жоопкерчилик маселеси каралары эскертилди.

Ошондой эле жаңы мектептерде балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы айтылды.

Маалыматка ылайык, бул долбоорлор Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан