Биз социалдык тармакта

Мыктыбек Оролбайдын UFC'де кезектеги атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык ММА мушкери Мыктыбек Оролбай уулу кийинки беттешин 15-августта АКШнын Филадельфия шаарында UFC 330 турниринин алкагында өткөрөт. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

Анын турнирдеги атаандашы америкалык Жеремия Уэллс. 39 жаштагы Уэллс UFC'де жети жолу беттешип, бешөөндө жеңишке жетип, эки жолу жеңилген.

Беттеш жеңил салмак ченинде өтөт.

28 жаштагы кыргызстандык мушкер UFC уюмундагы дебюттук беттешин 2023-жылдын 18-ноябрында өткөргөн. Ал мелдеш башталышына болгону беш күн калганда чакыруу алып, кыска мөөнөттө октагонго чыккан.

Учурда Мыктыбек Оролбай уулу – UFC уюмунда Кыргызстандын намысын ийгиликтүү коргоп келе жаткан спортчулардын бири.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан