Бишкекте жарандын денесине залал келтирүүгө шектелип мурдагы жолдошу кармалды. Бул тууралуу 27-июнда калаа милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-июнда милицияга жаран кайрылып, мурдагы жолдошу ага карата күч колдонуп, денесине залал келтиргенин айткан.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 41 жаштагы У.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.