Биз социалдык тармакта

Агартуу министрлиги: Келерки окуу жылы 25-майда аяктайт 

Быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Мындай чечим Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана ШКУга мүчө мамлекеттердин саммитинин жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын өткөрүлүшүнө байланыштуу сунушталууда.
Мектептердеги окуу процессине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Тактап айтканда, мектептердеги башталгыч класстар үчүн салттуу 5 күндүк окуу режими сакталат. Ал эми жогорку класстарга гана окуу жылынын ичинде кошумча 8 окуу ишембиси уюштурулат. Болжол менен бул айына бир гана жолу ишемби күнү сабак өтүлөт.
Окуу жыл ичинде кайсы ишемби күнү окуу болорун мугалимдердин, ата-энелердин сунушун эске алуу менен уюштуруу сунушталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан