Биз социалдык тармакта

ЖРТдан эң жогорку упай алган Айдайга унаа белекке берилди (сүрөт)

Кочкор районунда кечээ, 27-июнда ЖРТда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү.
Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган Айдай Абылаевага Chevrolet Spark үлгүсүндөгү автоунаа белекке берилди.
Унаа Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков жана "Ак Булут" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Ормон Нурбек уулу тарабынан тапшырылган.
О.Айбашов атындагы орто мектептин эки бүтүрүүчүсүнө Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунун атынан жогорку окуу жайында бир жылдык окуу акысын төлөп берүү боюнча сертификаттар тапшырылды.
Кочкор району боюнча ЖРТдан биринчи орунду ээлеген А.Жалпетеков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзайым Жайлообекова 1000 доллар акчалай сыйлык менен сыйланды. Экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеген бүтүрүүчүлөргө, ошондой эле мугалимдерине да акчалай сыйлыктар тапшырылып, мектепке үч интерактивдүү панель берилди.
ЖРТдан эң жогорку упай алган Айдайга унаа белекке берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан