Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы Касымалиев юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкмөт башчы өз сөзүндө юристтердин өлкө саясатындагы орду, мыйзамдуулукту сактоодогу ролу тууралуу айтып өттү.

"Бүгүнкү күндө юридикалык коомчулуктун алдында мыйзамдарды өркүндөтүү, укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдун мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин бекемдөө менен байланышкан жооптуу милдеттер турат.

Сиздер күнүмдүк эмгегиңиздер менен мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга жана адилеттүүлүк принциптерин бекитүүгө олуттуу салым кошуп жатасыздар. Кесиптик милдетке берилгендик, терең билим жана ишке жоопкерчиликтүү мамиле чын жүрөктөн урматтоого жана жогору баалоого татыктуу.

Өз ишмердигин мыйзамга кызмат кылууга, адам укуктарын коргоого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө арнагандарга ыраазычылык билдирем. Юридикалык коомчулук мындан ары да демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, укуктук системаны өркүндөтүүгө жана коомдук туруктуулукту камсыз кылууга татыктуу салымын кошот деп ишенем", - деди өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан